Бөлүмдөр
Жума, 15-ноябрь
Ош облусуКара-Суу району 26.10.2019 18:05

Кара-Суудагы мечиттин жанында жума намазга келген өспүрүмдөрдү унаага салып кетишкен. Милициянын жообу

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  16-октябрдан 18-октябрга чейин Ош облусунун аймагында рэкетчиликке жана зомбулукка каршы атайын иш-чаралар жүргүзүлдү. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын негизги максаты — үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка байланыштуу мектепке барбай жүргөн өспүрүмдөрдү аныктоо, ошондой эле үйүнөн чыгып, мектепке барбай, көчөдө рэкетчилик менен алектенген мектеп окуучуларын тактоо, ошондой эле кароосуз жүргөн өспүрүмдөрдүн радикалдуу диний агымдарга азгырылышын алдын алуу.

Рейддин жүрүшүндө сабакка барбай, мыйзамсыз жумушка тартылган жана түндө интернет клубдарында жалгыз жүргөн жалпы 91 балага түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Алардын ичинен 9 бала мектепке барбай жүргөнү аныкталып, топтолгон материалдар атайын комиссияга жөнөтүлгөн. 5 бала интернет клубда, 4 бала сабак учурунда көчөдө, 5 бала мыйзамсыз жумушка тартылып жүргөндүгү белгилүү болду. 21 баланын ата-энелери чакыртылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

«Кара-Суу шаарындагы мечиттин жанында белгисиз адамдар тарабынан рейд учуру видеого тартылып, Кыргызстандын укук коргоо органдары ислам динине каршы иштеп, жума намазына келген балдарды кармап кетип жатат деген туура эмес маалыматтарды таратышкан. Өзүн мечиттин имамы катары тааныштырган Р.К. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген экстремисттик уюмдун идеологиясын таратып жүргөн адам катары соттолгон. Ал ушул жылы Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын талаптарын аткарбай, Орозо айт намазын бир күн мурда окугандыгы боюнча териштирүү иштери жүрүп жаткандыктан, укук коргоо органдары тарабынан аталган мечитке өспүрүмдөрдүн барышына мыйзам чегинде көзөмөл жүргүзүлүп келет. Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө укук коргоо органдарынын кызматкерлерине менчик автоунааларды колдонууга мыйзам жол берет», - деп айтылат Ош ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматында.

ОИИБдин маалыматына караганда, Кара-Суу району боюнча 219 мечит, 1 намазкана бар. Алардын 73дө жума намаздары окулат. Каттоодон өтө элек мечиттердин саны — 20. Ошондой эле 7 медресе бар. Алардын ичинен экөө аялдардыкы болсо, бешөө мырзалардын медресеси. Андан тышкары 2 ислам окуу борбору бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×