Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-ноябрь
Ош облусуНоокат району 28.10.2019 20:00

Ноокатта 17 млн сомго курулган бала бакча пайдаланууга берилди

Turmush -  Ноокат районунун Т.Кулатов айыл өкмөтүндө 75 орундуу бала бакчанын имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн Таш-Булак айылында курулган бала бакчанын салтанаттуу ачылыш аземине Ноокат районунун акими Давранбек Маматалиев баштаган мамлекеттик мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты. Жаңы бала бакчанын курулушуна жергиликтүү бюджеттен 17 млн сом бөлүнүп, жумуштар ушул жылдын июнь айында башталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×