Бөлүмдөр
Жума, 15-ноябрь
Ош облусуӨзгөн району 29.10.2019 10:14

Өзгөндө балык канча сомдон сатылууда? Сүрөт

Turmush -  Өзгөн мамлекеттик балык чарбасында өстүрүлгөн балыктар сатыкка чыгарылды. Бул тууралуу аталган балык чарбанын жетекчиси Закир Козубеков билдирди.

Анын айтымында, быйыл 25 тонна балыкты сатыкка чыгаруу пландалган. Учурда 10 тонна балык кармалды.

«Биз жыл сайын салмагы 600-700 граммдан 1 кг чейинки балыктарды сатыкка чыгарабыз. Карп, ак амур балыктарынын 1 килограммы 250 сомдон, ал эми макообалыктын (толстолоб) 1 килограммы 150 сомдон сатылат», - деди З.Козубеков.

Аталган балык чарбасы буга чейин чабактарды сатыкка чыгарган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×