Бөлүмдөр
Ишемби, 23-ноябрь
Ош облусуКара-Суу району 30.10.2019 15:01 На русском

Пахтанын баасы Англиядагы биржада аныкталат: Быйыл дыйкандардын мээнети акталбай калдыбы?

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Кара-Суу районунда быйыл өткөн жылга салыштырмалуу пахта көп эгилгени менен анын баасы дыйкандардын мээнетин актабай жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга дыйкандар билдиришти.

Жергиликтүү дыйкандардын айтымында, пахтанын баасы 2018-жылга салыштырмалуу 7-8 сомго төмөндөгөн. Кара-суулук дыйкан Зарипбек Жоошбеков анын себебин пахта иштетүүчү заводдордун ишмердүүлүгү менен байланыштырды.

«Биз пахтаны жергиликтүү эле заводдорго сатабыз. Алар Нариман, Кашкар-Кыштак айыл өкмөттөрүндө жайгашкан. Былтыр пахтанын 1 килограммын 47 сомдон сатканбыз. Быйыл пахтанын эң жогорку сорту 41 сомго (1 кг) бааланып жатат. Менин жеке пикирим боюнча, пахта иштетүүчү заводдор өз ара сүйлөшүп алышып, пахтанын баасын төмөндөтүп жиберишти. Мен 50 гектар жерге пахта эгем. Былтыр 1 гектардан 4 тоннадан ашуун түшүм алгам. Быйыл пахтанын түшүмдүүлүгү да начар», - деди З.Жоошбеков.

Адистер пахтанын баасынын төмөндөп кетиши аталган чарбанын түрү менен жаңыдан гана алектенип баштаган дыйкандардын капчыгына оор зыян алып келиши мүмкүн экенин айтышты. Быйыл гана пахта эгип баштаган дыйкан Тургунбек Жумаев пахтанын түшүмү чыгымды актабай, чөнтөгүнөн кошумча акча жумшаганын билдирди.

«Мага пахтанын 1 килограммы 50 сомдон сатылса, чыгым акталат деп айтышкан. 6 гектар жерге пахта эктим. Заводго 13 тонна пахта тапшырдым. Пахтаны жыйнап алганга чейин заводдон 350 миң сомдой акча алыптырмын. Пахтаны тапшырууга келгенде ал өз чыгымын актабай калды. Жада калса техникага, теримчилерге өзүмдүн 100 миң сомдой акчам кетти. Эми кийинки теримде жана пахтанын сабагы менен чыгымды актаса болот деп жатышат. Бирок аба ырайы начар болгондуктан, кийинки терим кандай болорун божомолдоо кыйын болууда», - деди Т.Жумаев.

Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү Кыргызстандагы пахтанын баасы дүйнөлүк базарга карата өсүп же төмөндөп турарын айтышууда. Кара-Суу райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Мамедов пахтанын баасы төмөндөгөнүн тастыктады.

«Пахта иштетүүчү заводдун ээлеринин айтымында, пахтанын баасын алар төмөндөтүшкөн жок. Алар пахтанын баасы Ливерпуль (Англиядагы шаар) биржасында чечилерин билдиришти. Пахтанын баасы дүйнөлүк базарда төмөн болгондон кийин биз эмне кыла алабыз?», - деди ал.

Бирок буга чейин чет өлкөлөргө пахта экспорттогон Абсаттар Төрөкелдиев К.Мамедовдун пикирин четке какты. Анын айтымында, учурда Ливерпуль биржасында пахтанын баасы туруктуу.

«Менин бул жаатта тажрыйбам бар. Учурунда 10-15 мамлекетке жылына 10-20 миң тонна пахта экспорттогом. Азыр пахта иштеткен заводдордун өкүлдөрү дүйнөлүк биржада пахтанын баасы төмөндөдү деп жатышат. Пахтанын баасы төмөндөгөн жок. Ливерпуль биржасында анын баасы 48 сомдон (1 кг) болууда. Кыргызстандагы баанын төмөндөшүн пахта алып сатуучулар менен пахта иштетүүчү заводдор жасап жатат. 1 кг пахтадан 22 метр сурп (жөнөкөй кездеменин бир түрү) же 18 даана байпак чыгат. Азыр пахтаны иштетип, кийим-кече өндүрө турган текстиль ишканалары азайып, ошол себептен да пахтанын баасы төмөндөп кетти. Убагында пахтанын 1 килограммын 60-70 сомдон сатып жүргөнбүз», - деди Абсаттар Төрөкелдиев.

Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери алардан пахтанын баасын көзөмөлдөө укугу алынып салынганын айтышты.

Кара-Суу районунда былтыр 7 миң 620 гектар жерге пахта эгилген. Ал эми быйыл дыйкандар 8 миң 134 гектар жерге пахта эгишкен. Пахтанын дүйнөлүк баасын Англиянын Ливерпуль шаарындагы биржа аныктайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×