Бөлүмдөр
Жума, 15-ноябрь
Ош облусу, Ош 05.11.2019 18:15

Кыргыз премьер-лигасы: «Алай» футбол клубу чемпионатта 2-орунга ээ болду

Turmush -  

Бүгүн, 5-ноябрь күнү Кыргыз премьер-лигасынын соңку оюндары өтүп, анын алкагында «Алай» клубу Бишкек шаарынын «Илбирс» клубун өз талаасында кабыл алды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Талаа ээлери оюндун биринчи бөлүгүндө активдүү чабуулдарга өтүштү. Жыйынтыгында бурчтан чыгарылган топту «Алайдын» чабуулчусу Мирбек Акматалиев башы менен дарбазага узатып, гол киргизди. Биринчи бөлүктө күйөрмандар андан башка голду көрө алышкан жок.

Ал эми оюндун экинчи бөлүгүндө «Илбирс» курч чабуулдары менен айырмаланды. Бирок талаа ээлеринин дарбазасына гол киргизе алышкан жок. Ал эми «Алайдын» футболчулары 3 гол киргизүүгө жетишти. 3 голду чабуулчу Кожо Жоел киргизип, беттеш 4:0 эсебинде жыйынтыкталды.

Бүгүн Кыргыз премьер-лигасынын 2019-жылдагы сезону жыйынтыкталды. Бишкек шаарынын «Дордой» клубу 66 упайы менен чемпион аталса, «Алай» клубу 62 упай менен 2-орунду камсыздады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×