Бөлүмдөр
Жума, 15-ноябрь
Ош облусу, Ош 06.11.2019 13:53

Ошто Милиция күнүнө карата өткөн сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды

Turmush -  Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 95 жылдык мааракесине карата уюштурулган ыр саптар сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, сынак социалдык тармактар аркылуу окурмандардын баалоосуна коюлуп, анын негизинде жеңүүчүлөр аныкталды.

Алар:

- 1-орунга ээ болгон Жанышбек кызы Гүлпери 1-даражадагы диплом жана 4 миң сом менен сыйланды;

- 2-орунга ээ болгон Саадалова Самара 2-даражадагы диплом жана 3 миң сом акчалай сыйлык алды;

- 3-орунга ээ болгон Байтикова Бактыгүл 3-даражадагы диплом жана 2 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланды.

Мындан тышкары Кудайбердиева Жазгүл жана Байтиков Таалайбек кызыктыруучу сыйлык катары 500 сомдон алышты. Сыйлыктарды Ош ОИИБдин башчысынын орун басары Кенеш Рахманов тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×