Бөлүмдөр
Ишемби, 23-ноябрь
Ош облусуЧоң-Алай району 08.11.2019 11:11

Чоң-Алайда Үркүндө жана репрессияда каза болгондорду эскеришти

Turmush -  Чоң-Алай районунун маданият кызматкерлери Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата Үркүндө жана репрессияда каза болгондорду эскеришти. Бул тууралуу акимчиликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, тарыхый окуялар боюнча видео көрсөтүлдү. Маданият кызматкерлери Үркүн окуясынын катышуучуларынын жана репрессияга кабылгандардын азаптарын чагылдырып аткарып беришти. Иш-чарада ата-бабаларга багышталып куран окутулду.

Саамалыкка акимчиликтин кызматкерлери, жергиликтүү тургундар катышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×