Бөлүмдөр
Бейшемби, 12-декабрь
Ош облусу, Ош 18.11.2019 14:49 На русском

Оштогу унаа жуучу жайда 11-класстын окуучусу каза болду

Turmush -  Ош шаарынын Жапалак кичи районундагы унаа жуучу жайда 11-класстын окуучусу каза болду. Бул тууралуу өздүк булактар билдиришти.

Алдын ала маалыматтарга караганда, окуя унаа базардын жанындагы унаа жуучу жайлардын биринде болгон. Көз жумган окуучу Ноокат районунун Бел айыл өкмөтүнө караштуу Кеңеш айылынын 2003-жылы туулган тургуну С.Т. экени такталды. Ал Ош шаарындагы унаа жуучу жайда иштеп жүргөн.

Маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Абсатар Тавакалов тастыктады.

«10-ноябрь күнү саат 03:30 чамасында Ош ШИИБге тез жардам кызматынын дарыгери унаа базардын жанындагы унаа жуучу жайда белгисиз адамдын жансыз денеси жатканын билдирген. Аталган жерге ыкчам тергөө тобу жөнөтүлүп, алгачкы тергөө иштерин жүргүзүшкөн учурда маркум Ноокат районунун Кеңеш айылынын 2003-жылы туулган тургуну экендиги аныкталды. Күбөлөрдүн айтымында, маркум өзүн жаман сезип, эс-учун жоготуп жыгылып, ошол жерден каза болгон. Кеңеш айылындагы орто мектепте окучу. Сурак учурунда ата-энеси баласы биринчи чейректен кийин эс алуу убагында акча табуу максатында Ош шаарында иштеп жүргөнүн билдиришти. Алар баласынын сөөгүн соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышты. Тергөө иштери уланууда», - деди Абсатар Тавакалов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×