Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Нарын облусуКочкор району 22.11.2019 13:58 На русском

Ак-Талаада аялынын моюнун толгогон киши талашка түшүп...

Turmush -  Кыргыз прокуратурасынын 95 жылдыгына карата Turmush басылмасы прокурорлорду, бул тармакта иштеген ардагерлерди, алардын иш тажрыйбасын тааныштырууну улантат.

Кочкор районунун прокурорунун улук жардамчысы Туратбек Мааткеримов 1957-жылы Кочкор районунун Чолпон айыл аймагынын Ак-Чий айылында төрөлгөн. 1974-жылы орто мектепти аяктаган соң, Кочкор райондук турмуштук тейлөө комбинатында эмгектенген. 1977-1979-жылдары Россиянын Архангельск облусунда советтик армиянын катарында аскердик милдетин өтөгөн.

1979-1982-жылдары Кочкор районунун маданият бөлүмүндө айдоочу, киномеханик болуп эмгектенген. 1982-жылдан 1988-жылга чейин Фрунзе шаарындагы азыркы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетинде билим алган. 1988-1989-жылдары Балыкчы шаарындагы продукцияны жеткирүү ишканасында юрист, 1989-1994-жылдары Ак-Талаа райондук мамлекеттик нотариалдык конторасынын мамлекеттик нотариусу болуп иштеген.

Туратбек Мааткеримов 4 баланын атасы.

Туратбек Мааткеримов

Аялынын моюнун бурап, «мени камап кой» деп жалынган күйөө

- Аскерде кызмат өтөп жүргөндө укук коргоо органдарында иштөөнү кыялданып баштадым. Ошондуктан ушул багытта билим алдым. Бул тармакта иштөө кызыктуу. Анткени бүгүнкү күн эртеңки күнгө такыр окшошпойт. Прокуратурада 26 жылдан бери иштеп келе жатам. Тергөөчүлүк кызматка орношкондо эң алгачкы тергеген кылмыш иши азыркы күнгө чейин эсимде сакталуу.

Ак-Талаа районунун борборунан алыс жайгашкан айылдардын биринен 40-45 жаштардагы аял киши райондук оорукананын хирургия бөлүмүнө эс-учун жоготкон оор абалда түшүптүр. Күйөөсү болсо конокто отурушуп, эшикке чыкканда эле аялы жерге жыгылып, ушундай абалга келип калгандыгын билдирип, ​ дарыгерлерге тапшырган экен. Ал эми дарыгерлер аял эмнеден улам эс-учун​ жоготконун таба алышпай, убара болушуп, «мээге кан куюлган, кыймылдатканга болбойт» деп колдорунан келишинче медициналык жардам көрсөтүшөт. Бирок ал аял 4-5 күндөн кийин ооруканадан каза болуп калды.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттерин жүргүзүү мага тапшырылган. Соттук-медициналык экспертиза дайындап, экспертизанын корутундусу чыгып келгенге чейин эмнеден каза болгондугун таппай айлам кетти. Бирөөнүн автоунаасын аз убакытка ижарага алып, каза болгон аялдын күйөөсүн салып алып, окуя болгон жерге бардым. Каза болгон аялдын төркүндөрү тиги кишини «сен эле өлтүрдүң, азыр биз сени өлтүрөбүз»​ дешип сүйрөп жөнөштү. Алардан качкан киши «мени алып барып камап кой. Антпесең булар мени өлтүрүп таштайт» деп суранды. Биз аны алып кетели деп жатканда маркумдун төркүнү ал кишини ары жакка сүйрөштү. Биз өзүбүздү көздөй сүйрөдүк. Ошентип талашып жатып маркумдун күйөөсүн унаага салдык. Ошол маалда унаанын эшиги ийилип калыптыр. Эшик ачылган бойдон жөнөдүк. Жолдон маркум аялдын күйөөсү күнөөсүн мойнуна алып, көрсөтмө берди. Мен анын көрсөтмөсүн протоколго түшүрүп, кошумча экспертиза дайындадым. Эксперттер анын айтканы жарым-жартылай чын экенин билдиришти. Ошондой эле эксперттер аталган киши аялынын моюнун күч менен толгогондо моюн омурткасы чоюлуп, омуртканын ортосуна жүлүнү кыпчылып калганын, анын кесепетинен эсин жоготконун далилдешти. Бул корутундуну мага беришкенден кийин маркумдун күйөөсү чындыкты айтты. Ошентип ишти сотко өткөрдүк.

Досун өлтүрүп аяш апасынан кечирим сурагысы келген шектүү

- Тергөө иштеринде ар кандай окуялар көп эле кездешет. Бир жолу бир адам карындашынын үйүндө ичимдик ичип отуруп, күйөө баласын жыгач отургуч менен башка чаап өлтүрүп алыптыр. Шектүүнү суракка алып отурсам, РИИБдин башчысынын орун басары кабинетиме келип: «17​ жыл​ мурун адам өлтүрүү фактысы менен кылмыш иши козголуп​, бирок иштин бети ачылбай токтоп калган. Ошол фактыга ушул адам күбө катары өткөн. Бул иш боюнча сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк бериңиз» деп калды. Мен материалдарымды жыйыштырып, шектүүнү РИИБдин убактылуу кармоочу жайына алып барып киргиздим. Эртеси эртең менен ишке келсем, РИИБдин башчысынын орун басары: «Мурдагы иштин бети ачылды. Ал адамды ушул киши өлтүрүптүр» деди. Негизи бул шектүүнү мурун таанычумун. Түштөн кийин аны өзүбүздүн имаратка алып келип, милиция кызматкерлерине эмне жөнүндө айтканын мурдатан тааныш катары сурасам: «Досумду өлтүргөнүмдү эч кимге айтпай, 17 жылдай ичимде сактадым. Ошону кечээ сага айтып, биротоло көксөмдү суутуп алайын деп жатсам, РИИБдин башчысынын орун басары ошону сурап калды. Мен да токтоно албай айтып бердим» деп бакырып ыйлады. Андан соң «Аяш апамдан кечирим сураганга бир айла таап бер. Андан кийин мени атып жиберсе да макулмун» деди. 17 жыл мурун өлтүрүлгөн адам шектүү менен эмчектеш болуп чоңойгон экен. Ал досун таш менен башка чаап өлтүрүп алганын, экинчисинде бир тууган күйөө баласын жыгач отургуч менен башка чаап өлтүргөнүн, мунун баары ичкиликтен болгонун катуу өкүнүү менен айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×