Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Ош облусу, Ош 22.11.2019 15:55 На русском

«Качып келген кызын туугандары кайын журтуна жеткирип коюшкан»: Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн келиндин окуясы

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган Ош шаарынын 26 жаштагы тургуну Алтынай (аты-жөнү өзгөртүлдү) учурда «Ак жүрөк» кризистик борборунда 3 баласы менен жашап жатат. Ал аймактык кабарчыга буга чейин далай жолу жолдошу тарабынан сабалганын билдирди.

Алтынай кризистик борбордо 1 айдан бери жашап жатат. Ал 4 баланын апасы.

«Жолдошумдун ички жан дүйнөсүн билбептирмин. Турмушка чыккан алгачкы күндөрү эле белгисиз себептер менен сабачу. Ошентип арадан 6 жыл өттү. Ал ортодон 4 балалуу болдук. Баары жакшы болуп кетет деп чыдап жүрө бердим. Кетип калайын дейм, бирок кайда барам? Балдарым атасыз калат деп ойлочумун. Төрт балам тең кичинекей болгондуктан үй жумуштарына жетишпей калчумун. Ошондой учурларда “эмнеге үй жыйнаган жоксуң? Тамагың качан бышат?” деп сабап калчу. Башыма эки жолу сокку жеп, жабык жаракат алгам. Акыркы жолу чыкыйыма урганда мээм чайкалып, азыр жакшы сүйлөй албай, башым айланып кыйналып жатам. Дарыгерлер “мээң катуу чайкалган” дешти. Дары ичпесем болбойт. Башым ооруп чыдатпайт. Бир балам апамдын үйүндө (3 баласы өзүнүн жанында). Ушул күнгө чейин жолдошум бизден кабар алган жок. Балдарымдын атасы деп милицияга арыз менен кайрылган жокмун. Эртең соттолуп, камалып кетсе, балдарыма эмне деп жооп берем?», - деди Алтынай Калыкова.

Кыргызстандагы бардык видеолор: Aimak Akipress

«Ак жүрөк» кризистик борборунун жетекчиси Дарика Асилбекованын айтымында, үй-бүлөнүн бузулушуна, балдардын жетим калышына, келиндердин ур-токмокко кабылышына учурда кайын эне, кайын эже, кайын сиңдилердин тийгизген таасири чоң.

«Бүгүнкү күндө үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылган кыз-келиндер көп кайрылып жатышат. Муну коомчулук кадимки көрүнүш катары кабыл алып жатканы өкүндүрөт. Балдар жетим, аялдар жесир калып жатышат. Ур-токмокко кабылып кайрылган келиндердин айтымында, кайын эне, кайын сиңди, кайын эжелер үй-бүлөнүн жашоосуна кийлигишип, уруш чыгарып, анын азабынан келиндер күйөөлөрүнөн аёосуз токмок жеп калышат. Алар эки жаштын, алардын балдарынын эртеңки күнүн ойлошкон жок. Келинге кул катары же сатып алган күң катары мамиле кылган үй-бүлөлөр бар. Анын кесепетинен келиндер өз өмүрүнө кол салышы мүмкүн. Жакшынакай эле келиндер, аялдар таяк жеп жүрүп оорулуу болуп калышат. Андайда балдарын ким тарбиялайт? Ким карайт? Бул көйгөйгө мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулбаса болбой калды. Мындай көрүнүштөр жыл сайын көбөйүп бара жатат», - деди Дарика Асилбекова.

Ош шаардык ооруканасынын нейротравматология бөлүмүнүн башчысы Курсантбек Калыев ур-токмокко кабылган аялдар нейротравматология, сыныктар, хирургия бөлүмүнө көп кайрылышарын билдирди. Ал мырзалар аялдарын гана эмес, энелерин да сабаган учурлар кездеше турганын айтты.

«Бир күндө 5-6 аял кайрылса, анын эки-үчөө ооруканада жатып дарыланышат. Калгандарына дары-дармек жазып беребиз. Бир айда жалпы 10-15 аял дарыланат. Бул жерге кыз-келиндер гана эмес, баласы тарабынан сабалган энелер да кайрылат. Энесин буту-колу сынганча сабагандар да кездешет. Кызганычтын айынан бычактын мизинен жаракат алгандар бар. Алар хирургия бөлүмүнө жаткырылат. Буту-колу сынгандар сыныктар бөлүмүнө, биздин нейротравматология бөлүмүнө башына ар кандай буюмдар менен жаракат алгандар же мээси чайкалып, бети-башы көгөргөндөр көп кайрылышат», - деди Курсантбек Калыев.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова укук коргоо органдары эң башкы 4 маселеге жакшы көңүл бурбай жатканын билдирди.

«Жаңы кабыл алынган мыйзамдар боюнча кыз-келиндерге үй-бүлөлүк зомбулук көрсөткөн мырзаларды жоопко тартуу өтө оор болуп калды. Жабыркаган аял же кыз арыз жазмайын кылмыш иши козголбойт. Андан сырткары соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы керек. Укук коргоо органдары ушул жооп менен гана чектелишет. Бизде менталитет деп көпчүлүк аялдар өз укуктарын коргой албай жатышат, элден уялышат. Кош аялдуулук, мигранттардын балдарынын кордолушу, жетим балдардын укугу, зордук-зомбулукка кабылган кыз-келиндердин укугун коргоодо арыздар кабыл алынып, каралыш керек.

Жай айында Жалал-Абадда бир окуя катталган. Бир келинди күйөөсү сабай бергендиктен келин апасынын үйүнө тез-тез качып барчу экен. “Ал мени бир күнү өлтүрүп коёт, кайра барбайм” дегенине карабай кыздын туугандары “3 балаң бар” деп кайра жолдошунун үйүнө жеткирип жүрүшкөн. Акыры күйөөсү келинди бычактап өлтүрдү. Мыкаачылык менен денесине 20 жолу бычак сайып, көзүн оюп, кулактарын кесип өлтүргөн. Ошондуктан кыздын төркүнү куру намысты ойлобой, кыздын ден соолугун, укугун коргош керек. Көбүнчө күнөөнү да, түйшүктү да аял кишиге коюп коюшат. Атап кеткен төрт маселеге укук коргоо органдары көңүл бурушу керек», - деди Азиза Абдирасулова.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, ушул жылы милицияга зордук-зомбулукка кабылган 297 адам арыз менен кайрылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×