Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-январь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 05.12.2019 10:32 На русском

Кемпирче кийинип, жүзүн жаап алып кайырчылык кылган жаш кыз кармалды. Сүрөт

Turmush -  Жалал-Абад шаарында жалган маалыматтар менен кайыр сурагандар аныкталды. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

ШИИБ тарабынан шаар аймагында коомдук тартипти сактоо, кылмыштардын жана жоруктардын алдын алуу, ошондой эле кылмыш жасоого көмөк көрсөткөн себептерди аныктоо, аларды жоюу максатында «Укук жана тартип» рейди өткөрүлүүдө. Рейд учурунда ШИИБ кызматкерлери коомдук жайларда жарандарга терс таасирин тийгизип, борбордук көчөлөрдө унаа тыгындарды, ыңгайсыздыктарды жаратып, тилемчилик менен алектенген кайырчылар менен иштешкен.

Алардын өздүгү аныкталып, 24 жаштагы кыз улгайган кемпирдин кийимин кийип, жүзүн жаап, отуруп алып кайырчылык кылып жүргөнү белгилүү болду. Ал эми 46 жаштагы аял «менин эжем рак оорусу менен ооруйт» деген жалган маалыматтар жазылган баракчаны көтөрүп, Жалал-Абад шаарындагы асма көпүрөдө тилемчилик кылып жатканы такталды. Рейд учурунда кармалган жарандардын бармак издери алынып, ШИИБге катталгандан кийин топтолгон материалдардын негизинде айып пул салынды.

Мындан тышкары көчөдө мас абалда баласына көңүл бурбай жүргөн бир аял аныкталып, анын 8 жаштагы баласы Жалал-Абад шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү бөлүмүнүн адистери менен биргеликте «Ак жол» балдарды коргоо бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Жалал-Абад ШИИБ тарабынан өткөрүлүп жаткан «Укук жана тартип» рейди 7-декабрга чейин улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×