Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-январь
Ош облусуӨзгөн району 13.12.2019 12:43 На русском

Видео — Өзгөндүк келин балдарын сабап, видеосун күйөөсүнө жөнөткөн

Turmush -  Социалдык тармактарга балдарын себепсиз сабаган келиндин видеосу тарады. Видеодон келин «атаңды чакыр» деп уулун сабап жатканын көрүүгө болот.

Социалдык тармактардын колдонуучулары видеодогу келинди Өзгөн районунун Ана-Кызыл айылынын тургуну экенин жазышты. Аймактык кабарчы маалыматты тастыктоо үчүн Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл өкмөтүнө кайрылды.

«Келин — Ана-Кызыл айылынын 1989-жылы туулган тургуну К.М. Анын 2 уулу, 1 кызы бар. Жолдошу 7-8 жылдан бери Москвада иштейт. Жакында эле жолдошунун артынан 1 уул, 1 кызы менен Москвага кеткен. Видео Москвада тартылган. Ал жакта эмне болгону белгисиз. Келин видеону тартып, жолдошуна жөнөткөн. Видеону ким социалдык тармактарга таратканы азырынча белгисиз», - деп билдиришти айыл өкмөттөн.

Ал эми Ош ОИИБден учурда тактоо иштери жүрүп жатканын айтышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×