Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-январь
Нарын облусуАт-Башы району 13.12.2019 15:32 На русском

«Кызым бут кийим жок сабактан калууда»: Жакыр жашоонун айынан өзгөлөрдөн уялган ат-башылык үй-бүлө

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ак-Жар айылынын тургуну Бурулсун Капарова үй-бүлөсү менен 10 жылдан бери шарты жок үйдө жашап келет. Ал 6 баланын энеси. Мындан 5 ай мурун эгиздүү болгон. Кышкысын үйү суук болуп, айрым учурда балдары ооруп калат. Андан аймактык кабарчы кабар алды.

Өзүнүн айтымында, жолдошу башкалардын короосун тазалап, жарыбаган акча табат. Кээде андай каражат таппай да калат.

«От жакканыбыз менен терезеден аркырап шамал кирет. Аны клёнка алып бүтөгөнгө шартыбыз жок болуп жатат. Төркү үйүбүздүн терезеси такыр эле алжайып ачылып калган. Ал жерди жаздык менен жаап койгом. Түнкүсүн аябай муздак. Үшүп-шишип кыштап жатабыз. Бул үй кайнатамдын үйү. Кайнатам болсо, “кеткиле” деп жатат. Кайсы жакка барарыбызды билбейбиз. Жер сурап, айыл өкмөткө кайрылдык. Эч ким жардам бербей койду. Азыр үйдө унубуз, отунубуз жок. Балдарыбыздын баары майда, эң кичүүлөрү эгиз. Жөлөк пул болсо 7000 сом, ал акча балдардын памперси менен тамак-аштан ашпайт. Дүкөндөргө карызыбыз көбөйүп, аны төлөгөнгө мүмкүнчүлүгүбүз жок болуп жатат. Жолдошум бирөөнүн мал короосун тазалап иштеп, 3000 сом алат. Кээде ал каражатты дагы албай калат», - деди ал.

Бурулсун Капарова жакырчылыктын айынан кошуналарга кошула албай, уялып келерин айтат.

«Жашообуз аябай эле начар. Кошуналарыбыз бизди кемсинтишет. “Жашоо-турмуштарын оңдоп алып, анан бизге кошулушсун” деп да айтып чыгышты. Теңтуштарыбызга дагы кошула албайбыз, уялабыз. Үйгө киши-кара келгенде чай бергенден аябай эле уялам. Азыркы заманда биздей болуп жашаган киши жок болуш керек деп ойлойм.

Электр энергиясы жок жашап жатканыбызга бир айга жакындап калды. Карызыбыз 2000 сом болгондо өчүрүп кетишти. Бир туугандарыбыздан болсо эч кандай жардам жок. Балдардын памперси менен сүтүнө 1 айда жөн эле 4000-5000 сом кетет. Ал эми улуу балдарымдын мектебиндеги тамак-ашына акча бере албайм. Мугалимдери күнүгө айттырып жиберишет. Балдарымдын бут кийими жок. Азыр кызымдын бут кийими жок, сабакка бара албай үйдө отурат», - деди ал.

«Чыгышэлектро» ААКтын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, кардар Бурулсун Капарованын үйүнүн электр жарыгы 13-ноябрда өчүрүлүп, эки күндөн кийин кайра күйгүзүлгөн. Абоненттин 2000 сом карызы болгон.

Бурулсун Капарованын үй-бүлөсүнө жардам берүүнү каалагандар 0704 54 06 41, 0708 16 82 11 номурларына чала алышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×