Turmush - Кечээ, 12-январда Өзгөн шаарындагы жеке менчик клиникада өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка караганда, өрт саат 21:42де толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен 1946-жылы туулган М.М. аттуу эркек киши күйүк алып, ооруканага жаткырылды. Учурда абалы туруктуу. Клиникадан 11 адам эвакуацияланган.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.