Turmush - Ош облусунда эпидемиологиялык абал жакшырып, айрым аймактарда COVID-19 илдетин жуктургандар катталбай калды. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ош облусу боюнча координатору Шаятбек Абдурахманов билдирди.
Анын айтымында, облустагы стационар катары иштеп жаткан ооруканалар кадимки режимде иштеп баштаган.
«Азыр Ош облусу боюнча коронавирус илдетин жугузуп, ооруканаларда дарыланып жаткан жалпы 68 бейтап бар. Алардын онго жакыны оор абалда. Башка бейтаптардын абалы жакшы. Азыр кадимки режимде иштеп жатабыз. Чоң-Алайдан такыр катталбай калды. Башка райондордо бирден-экиден жугузгандар чыгып жатат. Вирустун мутацияланган түрү Кыргызстанда катталган жок», - деди ал.
Ош облусунун аймагында 20 стационардык оорукана ачылган болчу. Бүгүнкү күндө анын жетөө иштеп жатат. Акыркы учурларда Ош облустук ооруканаларда COVID-19 илдетин жугузган дарыгерлер каттала элек. Дары-дармектердин, вирустан коргонуучу каражаттардын 3 айлык запасы бар.
Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун маалыматына караганда, Ош облусу боюнча коронавирус илдетин жугузгандардын жалпы саны 8121 адамга жеткен.