Turmush - Бүгүн, 13-январга караган түнү саат 01:05 чамасында Кыргызстанда очогундагы күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка караганда, анын күчү Чоң-Алай районунун Жайылма айылында 2 баллга, Ачык-Суу айылында 2,5 баллга чейин жеткен. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.