Turmush - Түп районуна караштуу Күрмөнтү айылынын 37 жаштагы тургуну Албина Муканбетованын уулу 10 айдан бери төшөктө жатат. 2020-жылдын май айында 17 жаштагы Азаматтын моюн омурткасына операция жасалган.
А.Муканбетованын айтымында, кырсык мындан 3 жыл мурун Казакстанда иштеп жүргөндө болгон.
«Мен 1983-жылы Жети-Өгүз районунда төрөлүп, ушул жерде өскөм. Түптүн Күрмөнтү айылына 2006-жылы келин болуп келгем. Анан уулубузду ата-энебизге (кайын энесине) калтырып, Казакстандын Жамбыл облусунун Кордай районуна караштуу Кордай айылына үй алуу үчүн иштегени кеткенбиз. Бул арада айылга келип-кетип, кээде уулум Кордайга барып турчу. 2017-жылы жайкы эс алууга келип, ат минип жүргөндө кулап кеткен. Ал учурда эч нерсе билинген эмес. Анан моюн омурткага доо кеткени 2020-жылдын март айында билинди. Бул мезгилде пандемия болуп, чек аралар жабылганда эки ай үйүмө келе албай, май айында келдим. Ал кезде уулум 1 ай 5 күн Түп райондук аймактык ооруканасына жатып чыкты. Ошону менен операция талап кылынып, айылдаштардын колдоосу менен Бишкек шаарынан моюн омурткага операция жасалды», - деди ал.
Учурда Азаматка онкологиялык дарылануу талап кылынат.
«Уулум 10 айдан бери төшөктө жатат. Эшикке чыга албайт, дааратканага бара албайт. Катетер колдонобуз. Бир маал арабага отуруп, аз убакытка күндү көрүүгө кире беришке чыгарабыз. Төшөктө көп жаткандыктан куймулчагы, таманы, жамбаш эттери жешилип жара болду. Аны күндө жууп, тазалап, дары-дармек сүйкөп, элден укканыбызды колдонуп, колубуздан келишинче аракет кылып жатабыз. Эми ал жаракаты айыгып кетсе, онкологиялык дарылануу талап кылынат. Азыр мамлекеттен айына 8900 сом жөлөк пул алабыз. Бул акча күнүмдүк дары-дармектен ашпайт. Өзүбүздүн үйүбүз, жерибиз жок. Эми уулумдун бутуна туруп айыгып кетүүсүнө өлкө башчыларынан, дарыгерлерден, коомчулуктан жардам сурайм», - деди Албина Муканбет кызы.
Жакшылыктан үмүт үзбөгөн Азамат басып кетүүнү кыялданат.
«Мен аттан жыгылганда эч жерим ооруган эмес. Былтыр мартта алгач оң бутум, эртеси сол бутум ооруп, белимден ылдый сезбей калдым. Ага чейин кадимкидей классташтар менен мектепке барчумун. Мен баспай калганда карантин болуп, онлайн режиминде билим алып, 9-классты билинбей бүтүп кеттим. Азыр болсо үйдөмүн. Бир эле кыялым — бутум басып кетсе экен. Анан ат минип, улакчы болгум келет», - деди Азамат.
Азыркы тапта Күрмөнтү айылынан чыккан активдүү жарандар жардам берүү аракетин көрүүдө.
«Буга чейин Азаматтын операциясы үчүн айыл тургундары бардык чыгымды каржылады. Алдыда басып кетүү үчүн дагы дарылануу талап кылынат. Алгач баланын жараатын дарылоо үчүн облустук бириккен оорукананын жетекчисине баланын ден соолугуна кам көрүүгө кайрылуу кылат элем. Андан сырткары онкологиялык дарылануу керек. Азыркы тапта Азаматтын бутуна сезим пайда боло баштады. Эми жапа тырмак колдоп, жардам берип, уулубузду бастырып алабыз деген чоң үмүтүбүз бар», - деди айыл тургуну Шайыркүл Канаева.
Элсом: 0 707 85 10 15.