Turmush - Өзгөн районунун Прогресс айылында сарай өрттөндү. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка караганда, кырсык айылдын Чангет көчөсүндө болгон. Анын кесепетинен жалпы аянты 48 чарчы метр сарай жана 1500 түк чөп күйүп кетти. Өрт отко этиятсыз мамиле кылуудан улам чыккан.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.