Turmush - Ош шаарында кошунасынын өлүмүнө шектелип кармалган адам 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, ушул жылдын 1-январь күнү саат 16:00 чамасында Ош шаарынын Өзгөн көчөсүндөгү үйдө 2 кошуна спирт ичимдигин ичип отуруп уруша кетишкен. Шектүү З.Р. маркум И.А.ны бир нече жолу бетке, башка урган. Ал андан кийин сыртка чыгып кеткен. Маркум алган жаракатынан улам подъездде каза болгон.
Кылмышка шектелген адам 2-январь күнү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ош шаардык соту 3-январь күнү шектүүнүн баш коргоо чарасын карап, 2 айга камакта калтырды. Ал убактылуу кармоочу жайдан СИЗО-5 абагына которулган.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.