Turmush - Жумгал районундагы мергенчи Дөөмөтбек Жумалиев 17-ноябрда 1 карышкыр, 27-декабрда 2 карышкыр атып жок кылды.
«Бул карышкырлар Четки-Кырчын кыштоосунда атылган. Бул жакта үйүрү менен жүргөн 8 карышкырдын бирин ноябрь айында атып кеткен элек. Декабрдын аягында экини атып өлтүрдүк. Дагы бири жарадар болду. Эми буйруса аны дагы табабыз. Мен негизинен 2020-жылдын ичинде 3 карышкыр, 2 чөө аттым», - дейт Д.Жумалиев.
Жумгал райондук айыл чарба бөлүмүнүн башчысы Талантбек Молдокеевдин айтымында, 2020-жылы Жумгал районунда 8 карышкыр, 53 чөө, 1187 ит жана 158 мышык атылып жок кылынган.
Жырткычтарды атууга айыл өкмөттөрдүн бюджетинен 12 миң сомдон 40 миң сомго чейин акча каражаты бөлүнүп турган.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.