Turmush - Нарын облусунун Жумгал районундагы Кара-Кече көмүр кесиминде көмүр казуу иштери башталды.
Аталган көмүр кесиминен билдиришкендей, көмүр казуу иши 15-январда башталмак. Элдин суроо-талабынан улам бүгүн, 13-январда ачылып, көмүр жүктөлүп баштады. Учурда кенде кезек күткөн унаалар жок. Көмүр казуу планы 650 миң тонна болсо, өткөн жылдын аягына чейин 579 миң тонна көмүр казылып алынган.
Учурда кендеги убактылуу көмүр топтоочу жайда 88 миң тонна көмүрдүн кору турат.
Буга чейин кен тазалоо иштерине байланыштуу убактылуу жабылган болчу.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.