Turmush - Ош шаардык мэриясынын имаратынын чатыры зарылчылыктан улам алмаштырылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров маалымдады.
«Ош шаардык мэриясынын имараты 1968-1978-жылдары курулган экен. Кечээ жакында жааган карда чатырдан кабинеттин шыптарына суу өтүп кетти. Кызматкерлердин иштөөсүнө шарт түзүп, ошондой эле коопсуздук үчүн да ар жерин оңдой бербестен, толугу менен алмаштыруу керек», - деди Абсаттаров.
Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Шумкарбек Пайзиев чатырды алмаштырууга канча акча кетерин айтты.
«Тендерге жалпысынан 12 компания катышты. Долбоордогу суммасы 2 млн 607 миң 666 сом деп көрсөтүлгөн. Тендердик баасы 1 млн 637 миң 845 сом болгон. Уткан компания чатыры менен кошо суу өтүп кеткен 2 иш бөлмөнү оңдойт. Ошондой эле чатыр жабууда жыгач эмес, металлоконструкция колдонулат», - деди Пайзиев.