Turmush — Ош облусунда мыйзамсыз соода-сатык жүргүзгөн 15 соодагерге айып пул салынды. Бул тууралуу Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз катчысы Алтынбек Тенгизбаев билдирди.
Маалым болгондой, Ош облусунун аймагында 16-21-февраль күндөрү «Көчө соодасы» аталышындагы иш-чара уюштурулду. Анын жүрүшүндө унаа жүрүүчү жолдордун боюнда мыйзамсыз соода менен алектенген 15 жарандын ар бирине карата Бузуулар кодексинин негизинде 3 миң сомдон акчалай айып салынды.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.