Turmush — Ош шаарынын «Жаш мугалим» сынагы өткөрүлдү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.
Маалым болгондой, аталган иш-чара шаардын Амир-Темир муниципалдык аймактык башкармалыгы тарабынан уюштурулуп, 10 мектептин жаш мугалимдери катышкан. Сынактын шарты боюнча мугалимдер окуу методикасы боюнча көргөзмө куралдарынын жармаңкесин уюштуруп, саламдашуу, музыкалык тапшырма колдоо тобунун өнөрлөрү боюнча таймашты. Жыйынтыгында 1-орунду №53 орто мектептин мугалими Жоробаева Мөлмөл, 2-орунду №44 орто мектептин мугалими Нарматова Ирода, 3-орунду Сабирова Дильноза ээледи.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.