Turmush — Чоң-Алай районунун Жекенди айыл өкмөтүнүн Кара-Мык айылы Тажикстан менен чектешет. Жергиликтүү эл илгертеден пайдаланып келген жайыттар документ боюнча Тажикстанга караштуу болуп калганын айтып, бийликтен эбин таап, жайыттарды алып калууну суранууда.
Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Жээнбек Колдошев чек ара маселеси олуттуу маселе экенин, азыр жолдору каралып жатканын айтты.
«Эл ал жерлер тажик тарапка тиешелүү экенин билет. Бирок илгертеден пайдаланып келгени үчүн алмаштыруу жолу менен болсо да алып калалы деп ушул маселени көтөрүп жатышат. Чек ара маселесинде кээде элде түшүнбөстүктөр пайда болбошу үчүн кээ бир маалыматтар ачык айтылбайт», - деди ал.
Окуя тууралуу:
2019-жылы Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы жерине барып, жергиликтүү тургундардан пикир алып кайткан. Тургундар Жогорку Кеңешке жөнөткөн каттары жоопсуз калып жатканын айтышкан.
Тажикстан менен чектешкен Кара-Тейит, Кара-Мык айылдарынын тургундары илгертеден бери пайдаланып келе жаткан Унжу-Булак жайыты карта боюнча тажик тарапка караштуу экенин жакында эле билишкен. 1924-1925-1961-1989-жылдардагы карта боюнча Унжу-Булак жайлоосу Тажикстанга карайт. Ошондон улам жергиликтүү жашоочулар Тажикстандын чек арачылары чектен өтүп кеткен малдарды өздөрү тарапка айдап кетип калган учурлар болгонун айтышкан эле.
Кара-Тейит айылынын 90 жаштагы тургуну Алимбай Таштанбеков 1936-жылдары жер маселесинен улам чыккан чырдан кийин кыргыздар тажиктерди Тажик-Абадга чейин кууп барышканын айтып берген.
«Илгертен куда-сөөк болуп, кирди-чыкты болуп жашап келебиз. Бирок такталбаган чек арада жашоо кыйын экен. Согушка чейин тажиктер менен чырдашып, аларды кууп, анан эки эл элдешкен жерди Жараш деп атап койгонбуз. Тажиктер Яраш деп атап жүрүшөт. Азыр ал жерден бери карай 5-6 айыл бар. 1942-1949-жылдары арпа эгип, мал жайып, аталган жайытты биз колдонгонбуз. 1985-1989-жылдары жергиликтүү жетекчи Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы айдоо жерин айдатып, чийдирткен картасы боюнча жердин көпчүлүк бөлүгү Тажикстан тарапка берилип калган экен», - деген Таштанбеков.
Жекенди айылдык кеңешинин төрагасы Сагынбек Халилов тажикстандык чек арачылар аны жайлоодо эс алып жүргөн жеринен «бул жер биздин аймакка карайт» деп 1,5 суткага кармап кетишкенин билдирген. С.Халилов аймакка чек ара статусун берүүнү жана Унжу-Булак жайлоосун жер алмашуу жолу менен болсо дагы алыш керек экенин айткан. Бирок тажик тарап Кыргызстан сунуштаган жайытты эмес, Алтын-Мазар жайлоосун сурап жатышканын белгилеген.