Turmush — Кечээ, 22-февраль күнү Ош—Ноокат жолунун Зулпуев айыл аймагына кире бериште даярдалган бетонду алып бара жаткан цементовоз оодарылып кетти. Бул боюнча Ош ОИИБден кабарлашты.
Маалыматка караганда, ал жол боюндагы үйдүн тосмосун, электр мамычасын сүзүп оодарылган. Окуя болжол менен саат 17:00 чамасында болгон. Айдоочу Зулпуев айыл өкмөтүнө кире бериштеги жаңы курулуп жаткан күйүүчү май куюучу жайга даярдалган бетон алып бара жаткан. Жол ылдыйыш болгондуктан, токтой турган жерге жеткенде тормозу иштебей калып, жол боюндагы үйдүн дубал тосмосун сүзүп оодарылган. Айдоочу секирип калганга үлгүргөн.
Ал эми жергиликтүү тургундар бетонду кол араба менен ташып, ошол жердеги жолдун чуңкурларын толтуруп алышканын айтышты.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.