Turmush — Базар-Коргон районуна караштуу Кеңеш айыл аймагынын Кара-Жыгач айылындагы А.Осмонов атындагы мектебинин чатырынан суу тамат. Мунун кесепетинен мектептин шыбы көчүп жатат. Мындагылар жаан-чачындан тамчы кирген жерлерге идиштерди коюу менен коргонуп келе жатышат. Аймактык кабарчы авариялык абалга кептелген билим уясындагы жагдай менен таанышып келди.
Район борборунан 35 чакырым алыс аралыкта жайгашкан Кара-Жыгач айылында 342 кожолук, тактап айтканда 2200гө чукул адам күн кечирет. Сөз болуп жаткан А.Осмонов атындагы мектептин имараты 1960-жылы курулуп, ишке берилген. Андан бери оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн эмес. Ушул мектепте көп жылдан бери эмгектенген мугалим Бахап Молдалиев айылда жамгыр жааган учурда күнүнө эки ирет там башына чыгып, суу тамган жерлерге коюлган идиштерге топтолгон сууларды төгөт.
«Көп жылдардан бери мына ушул мектепте эмгектенип келем. Ачыгын айтканда жаңы мектеп салдырабыз деп кайрылбаган кишибиз, барбаган жерибиз калган жок. Курулганына 60 жылдан ашып калган мектеп азыр абдан эскирди. Шыйпырлары сынып, чатырдын көп жеринен тамчы өткөндүктөн, суу класстык бөлмөлөргө чейин түшүп, каптап жатат. Айлабыз кеткенде үйдөн эски чара, челектерибизди, мектепти актап-сырдагандан калган боёктун банкаларын коюп, жан сактайбыз. Антпесе имарат эчак эле урап түшмөк. Жамгыр жааган күндөрү бир күндө эки ирет там башына чыгып, суу толгон идиштерди төгөбүз. Өткөн жылы сел агып, мектепти жана анын ичиндеги класстык бөлмөлөрдү каптап кеткен. Ошондон бери дубалдар улам-улам көчүп, айрым жерлери ачылып калды. Анын баарын ылай менен шыбап, эптеп балдарга билим берип жатабыз», - дейт мугалим Б. Молдалиев.
Айыл тургундарынын айтымында, 6 бөлмөгө ылайыкташкан имарат ашар жолу менен сарай үчүн курулган. Тактап айтканда, мал кайтарган жарандардын баш калкалоосу үчүн салынган. Пайдубалы жок, таштарга төшөлүп дубалы тургузулган.
Малчыларга арналган имарат 1966-жылдары мектеп катары пайдаланыла баштаган. Арадан бир нече убакыт өтүп, класстык бөлмөлөргө окуучулар батпай калганда кошумча эки бөлмөдөн турган чакан корпус курулган. Анын бири класстык бөлмө болсо, экинчиси кароолчунун бөлмөсү катары пайдаланылат. Бул мектепте эмгектенген Дилбар Субанкулова имарат көйгөйү күч экенин, мугалимдерге, окуучуларга да оңой болбой жатканын белгилейт.
«Мектепте 18 мугалим эмгектенебиз. Мектеп тар болгондуктан эки нөөмөт менен балдарга сабак өтөбүз. Класстык бөлмөлөрдүн талапка жооп берүү жагын айтпай деле койсом болот. Анткени имараттан бөлмөлөрү жарык, дубалдары бүтүн жана кенен классты табууга мүмкүн эмес. Бардык класстын шыптары, дубалдары көчүп кеткен же жарака. Имараттын эски дубалына ным тээп, полу чирип, жарактан чыккан. Пол жыгачтан болгондуктан суу болуп, ал да көөп кеткен. Окуучулар отурган парта, столдор түз турбайт.
Кыштын күнү биздин абал эки эсе оорлошот. Анткени, айыл тоонун арасында жайгашкандыктан кышы оор, кар калың жаайт. Мектептин жылуулугу талаптагыдай эмес. Ар бир класстык бөлмөдө кадимки от жаккан мештер бар. Аны көмүр менен жылытабыз. 45 мүнөттүн ичинде сабак өтүү менен бирге көмүр салган челекти калдыратабыз. Мешке көмүр салганча да теманы түшүндүрөбүз. Кээде көмүрдүн газы чыкканда, эшикти ачып коюуга туура келет. Балдар эшиктен кирген суукка да кайыл болуп сабак өтүп келишет. Биздин көйгөй келечек муун үчүн чечилсе жакшы болмок», - деди аталган мектептин география мугалими Дилбар Субанкулова.
2195 адам жашаган Кара-Жыгач айылында эки мектеп бар. Анын бири 157 окуучу билим алган Алтай Осмонов атындагы орто мектеби. Ал мындан 61 жыл мурун сарайга ылайыкташып, ашар жолу менен курулган. Мектеп болуп иштеп баштаган алгачкы жылдары 45 окуучу билим алды. Аталган билим уянын имараты 100% авариялык абалда деген чечимди 2014-жылы ӨКМ чыгарып берген.
Ал эми Жалал-Абад облустук билим берүү усулдук борборунун маалыматына таянсак, ушул тапта облус аймагында 42 мектептин имараты авариялык абалда деген корутунду чыгарылган. Анын ичинен 38 мектептин имаратын жаңы куруу боюнча сунуш берилген. Бирок Каржы министрлигинен колдоо болбогондуктан иштер токтоп турат.