Turmush — Назгүл Стамакунованын жашоосу жана жардамга муктаж экени Turmush басылмасына бир нече жолу жарыяланган. Анын күнүмдүк тиричилиги интернет айдыңына чыккандан кийин Н.Стамакуновага азык-түлүктөр, акчалай жардамдар бериле баштаган. Бул жолу ат-башылык ишкер Токмок шаарынан 1 бөлмөлүү үй берди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга журналист Семетей Талас уулу билдирди.
*Назгүл Стамакунова небереси менен жалгыз жашайт. Эки кыз, эки уулдун энеси. Азыркы учурда эки уулу тең абакта. Бир кызы оорудан улам каза болуп, экинчи кызы Бишкек шаарында турат.
Стамакунова авариялык абалдагы үйдө күн кечиргендиктен, 2020-жылы Ат-Башы айыл өкмөтү тарабынан шагыл, топурак түшүрүлүп, эски үйүнүн жанына жаңы тамдын пайдубалы түптөлүп, дубалдары тургузулган. Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан курулуп жаткан үйүнө эшик-терезелер жеткирилип берилген. Былтыр пандемияга байланыштуу курулуш иштери токтогон. Жаз алды менен курулуш иштерин кайрадан улантуу пландалган болчу.
Стамакунова өзү небересин сөөк терип, элдин ар кандай жумушун жасап, жан багып жатканын дагы айткан.
«Мындан бир ай мурда Ат-Башыда оор турмуштун айынан талаада сөөк терип, небересин баккан Назгүл Стамакунова тууралуу кесиптештерибиз сюжет жасап, макала жазып чыгарышкан. Жашаган үйү да абдан аянычтуу абалда эле. Ошол көрсөтүүдөн соң, Назгүл апанын абалына боор ачыган мекендештер жардам бере башташкан. Алардын ичинен ишкер Назгүл апага Токмоктон үй берерин убада кылган. Токмок шаарынын №3 кичи районунан 1 бөлмөлүү батир тапшырылып, Мамлекеттик каттоо кызматынан каттаттырып берди», - деди ал.