Turmush — Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым райондорунун акимдигине же акимдин орун басарлыгына талапкер болгон адамдар маектешүүдөн өткөндөн кийин регионалдык кадрлар резервине тизмеси түшөт. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматынын түштүк аймагы боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Таалайбек Зикиров билдирди.
Анын айтымында, Ноокен, Лейлек, Алай райондоруна аким керек. Мындан ары ар бир районго өзүнчө талапкерлерди каттабай эле, баары бир болот.
«Буга чейин Кара-Суу жана Ноокат райондорунун акимдигине, Чоң-Алай районунун акиминин орун басарлыгына талапкер болгондор документтерин тапшырып, тесттен өтүшкөн. Алар маектешүүгө катышкандан кийин жакшы балл алганы аким болот. Ал эми Ноокен, Лейлек, Алай райондоруна да аким керек. Аларга талапкерлердин документтерин өз-өзүнчө каттабайбыз. Эми мындан ары регионалдык кадрлар резерви деген болот. Аким же акимдин орун басары болом дегендер документтерин тапшырып, тесттен, маектешүүдөн өтсө, ошол регионалдык кадрлар резервине киргизилет. Ошол жактан өкмөт өзү тандап, аким кылып дайындай берет. Болбосо бир талапкер 40 районго документ таштаптыр деп уктум. Ал эми бир талапкер 7-8 районго документ тапшырганын билем», - деди Зикиров.
Эртең, 8-апрель күнү Кара-Суу, Ноокат райондорунун акими кызматына документ тапшырган кызматкерлердин маектешүү жараяны болот.