Turmush — Кечээ, 6-апрелде Аксы районунун Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн тургундары айыл өкмөт башчыны иштен кетирүү талабын коюп чыкты.
Жергиликтүү тургундар билдиргендей, кечээ Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн имаратына чогулган эл айыл өкмөт башчысы Турдалы Момунбековдун иштен кетишин талап кылышты. Жергиликтүү тургундар менен район акими Жыргалбек Шакиев жолугуп, элдин талаптарын укту.
«Биз айыл өкмөт башчы жакшы иштебей жаткандан улам кетишин талап кылып жатабыз. 3 жылдан бери эч бир ишти жасаган жок. Бюджет айыл өкмөттүн аракетсиздигинен 2 ай кечигип кабыл алынды», - деди алар.
Элдин талабын уккан Аксы районунун акими Жыргалбек Шакиев айыл өкмөт башчыга 1 ай сыноо мөөнөтү берилгенин билдирди.
«Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн эли айыл өкмөт башчысын кетирүү талабын коюшту. Алар «айыл өкмөт ишти жакшы тарта албай жатат, ишинен кетсин» деп айтышты. Мен элге «1 ай убакыт берели, кетирген кемчиликтерин түздөсүн» деп айттым. Айыл өкмөткө иштеңиз деп тапшырма бердим. Эгер 1 айдан кийин кемчиликтерди түздөбөсө мыйзамдын негизинде карап чыгабыз», - деди аким.
Кара-Жыгач айылдык кеңешинин төрагасы Шайымбек Мазакеев айыл өкмөт башчы токтомдорду аткарбай жатканын айтты.
«Кечээ чогулушка барган жокмун. Эл көптөн бери эле кетирүүнү талап кылып келе жатат. Айыл өкмөт башчысы 2019-жылдан бери өкмөттүн, айылдык кеңештин токтомдорун, президенттин жарлыктарын аткарбай келе жатат. Аткарбагандан улам биз иши канааттандырарлык эмес деп тапканбыз. Ал 3 жылдан бери бюджетке сунуш бербей, кеч кабыл алынып жатат. Депутаттардын сунушу менен эле бюджет бекитилип жатат», - деди Мазакеев.
Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысы 2018-жылы шайланган. Буга чейин бюджет кабыл алынбай, Кара-Жыгач айылдык кеңешинин депутаты азыркы акимдин иниси Сталбек Шакиев токмоктолгону кабарланган.
Айыл өкмөттүн 2021-жылдык бюджети 2 ай кечиктирилип, 2-мартта кабыл алынган эле.