Turmush — Кара-Суу районундагы «Достук» чек ара бекети аркылуу келген туристтерге чет тилди билген милиция кызматкерлери жол көрсөтөт. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев билдирди.
Анын айтымында, «Достук» чек ара өткөрүү пунктунда элдин коопсуздугун 24 саат бою милиция кызматкерлери көзөмөлдөйт.
«Достук» посту расмий түрдө ачылгандан баштап чек ара көзөмөл-өткөрүү постунун аймагында коомдук тартипти көзөмөлдөө боюнча атайын таяныч пункту ачылып, милициянын участкалык кызматкери жана Ош ОИИБдин милициянын кайгуул күзөт кызматынын 1-ротасынын кызматкерлери бөлүнүп, коомдук тартипти көзөмөлдөп келишет. Мындан сырткары туристтик взводдун кызматкерлери да нөөмөткө туруп, туристтерге жол көрсөтүп, көйгөйлөрү болсо чечүүгө көмөктөшүүдө.
Алгач ал жерде уурулук, тоноочулук көп катталчу. Бул таяныч пункту ачылгандан бери 2 кылмыштуу топ кармалып, уурулук катталбай калды. Ал аймакта бизнес чөйрөсү пайда болуп, ишкерлер күнү-түнү иш жүргүзө башташты. Ишкерлердин коопсуздугу үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө. Чек арадан өткөн жарандарга аэропортко жана Ош шаарына кетүүчү багыттар боюнча жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу иштери күчөтүлгөн. Эки элдин достугун чыңдоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат», - деди Аширбаев.