Turmush — Ош шаарында тергөө кызматынын кесиптик майрамы белгиленди. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрелде Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка караганда, Ош облустук ички иштер башкармалыгында тергөө кызматынын 58 жылдыгына карата 150 кызматкер Ички иштер министрлигинин «Азамат 1,2,3», «Кыргыз милициясына 95 жыл» медалдары жана ардак грамоталары менен сыйланышты. Ошондой эле кезектеги аскердик наамдар ыйгарылды. Сыйлыктарды Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын начальниги милициянын полковниги Жеӊишбек Абитов тапшырды.
Көп жыл тергөө кызматын жетектеген милициянын отставкадагы полковниги Бердибаев Кемербекке башкармалыктын атынан ок атуучу курал белекке берилди. Тергөө кызматынан сырткары милициянын участкалык кызматкерлери, жашы жете электер менен иш алып баруучу инспекторлор, милициянын кайгуул күзөт кызматынын 10 жылдан ашуун кызмат өтөшкөн кызматкерлери сыйланышты. Кезектеги милициянын полковниги наамы Дооронов Бекмырзага, милициянын подполковниги наамы Касымбаев Кылымбекке ыйгарылды.