Turmush — Тоӊ районунун мамлекеттик администрациясынын координациялык кеӊеши болуп өттү.
Ага айыл өкмөт башчылары, айыл башчылары, айыл имамдары, мекеме-ишкана жетекчилери катышты.
Күн тартибине 3 маселе кирген:
1. Райондо коомчулуктун нааразычылыктарын жаратуу менен коомдук-саясий абалды курчутуп, массалык баш аламандыктарга алып келүүсү ыктымал болгон көйгөйлүү маселелерди аныктоо;
2. Райондун аймагында диний экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүүнү күчөтүү;
3. Райондун аймагында өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту жана аларга карата жасалган кылмыштарды, зордук-зомбулук жана ырайымсыз мамилелерди алдын алуу.
Каралган маселелер боюнча тиешелүү жактар маалымат берип, чечим кабыл алынды.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.