Turmush — Алай районунун Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Боз-Караган айылынын тургуну Сарыбашова Пазилат апа учурда 101 жашта. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.
Маалым болгондой, Пазилат апа азыр аталган айыл өкмөткө караштуу Арпа-Тектир айылындагы 58 жаштагы кызы Нуржамал Сарыбашова менен чогуу жашайт. Жолдошу узакка созулган оор дарттын айынан жаш кезинде каза болгон. Жесир калып, 2 уул, 5 кызды жалгыз тарбиялап өстүргөн. Анын бир уулу да жаш кезинде оор дарттан айыга албай каза болду.
«Жолдошум эрте каза болуп калган. Андан соң турмуштун оор түйшүгү жалгыз өзүмө калды. Ойду ой деп, кырды кыр деп билбей, 7 баланы жалгыз багып чоңойттум. Көп жыл совхоздо иштедим. Ал жерде иштегенге алым жетпей калганда, бала бакчада 10 жылдан ашык эмгектендим. Мен азыр карып калдым, эч нерсеге алым жетпей калды», - деди ал.
Кызы Нуржамал Сарыбашова апасы буга чейин оорудум деп дары ичип, ооруканага жатып көрбөгөнүн айтып, бирок 1 жылдан бери алсыз болуп калганына кабатыр.
«Апам эч дары ичкен эмес. Кээде ич оорунун дарысын гана ичип калбаса, башка дары ичкенин көрбөдүк. Ушул жашка келип, кан басымы ашып же башым дегенин эшитпедик. Мага чейин карап жүргөн иним да «апам эч дары ичпейт» дейт. «Мен ооруп жатам, ооруканага көргөзгүлө» деп эч айткан эмес. Нерви өтө жакшы киши. Ачууланып кетпейт, оор, кандай кырдаал болсо да өзүн кармай билет. Мен апамдай боло албайм. Дароо ачууга алдырып жиберем. 1 жыл мурда кыйла тетик болчу. Акыркы күндөрдө бир аз адашып, ордунан да көп кыймылдабай калды», - деди кызы.
Нуржамал Сарыбашованын айтымында, апасы ушул күнгө чейин арыз-муңун айтып, айыл өкмөткө кайрылып, даттанган эмес. Балдарын өз күчү, ак эмгеги менен баккан.
«Башка турмуш куруп кетпей, канча кыйынчылыктар менен 7 баланы жаш болсо да жалгыз чоңойтту. Бизди оорутпай, күйгүзбөй, ачка кылбай бакты. Азыр апамдын ар бир сааты мен үчүн алтынга тете.
Жаш кезимди эстесем, апам чөп чапканга чыгып кетчү. Ошондо мен камыр кылып, нан жапкан элем. Апам аябай сүйүнгөн. Байкуш апам, түйшүгүн жеңилдеткениме сүйүнгөн экен. Ушул күнгө чейин өкмөткө же башкаларга мен жалгыз боймун, көп балалуумун деп арызданган эмес», - деди Сарыбашова.
Нуржамал Сарыбашова өзү буга чейин чоң кайын энесин, андан кийин кайын ата, кичүү кайын энесин баккан. Алар 90 жаштан өтүп көз жумду.
Келин болгондон бери төртүнчү карыяны багып жатат. Ал буга наалыбайт, тескерисинче сыймыктанат. Мен карысам балдарым да жолдошум экөөбүздү ушундай карап, бапестесе деп тилейт.