Turmush — Кара-Суу районунун Жийделик айылында үй өрттөнүп, аял киши жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка караганда, кырсык айылдын Д.Султанов көчөсүндө болгон. Анын кесепетинен үйдүн 85 чарчы метр чатыры, 20 чарчы метр бир бөлмөсү жана үй эмеректери күйгөн. Үйдүн тургуну — 1969-жылы туулган аял киши экинчи даражадагы күйүк алып, Ош облустук оорукананын реанимация бөлүмүнө жаткырылган. Учурда абалы оор. Өрттүн себеби такталууда.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.