Turmush — Ат-Башы районунда темир, тери жана жүн жакшы баада өтүп жатат. Бул тууралуу айыл тургуну Жыргал Акаева билдирди.
Анын айтымында, 1 кг темир 15-16 сомдон сатылып жатат.
«Ошондой эле тери, жүн баа болуп жатат. Кара жүн 6-10 сомдон. Бул элге кичине болсо дагы жардам. Эл койлорун кыркып, дароо сатып жатат. Мурда таштандынын баары тери, жүн болуп кеткен. Азыр жакшы болуп жатат», - деди Жыргал Акбаева.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.