Turmush — «Ош-Тазалык» муниципалдык ишканасынын башчысынын орун басары Сарвар Тажибаев Оштогу курулуш компанияларды таштанды таштоочу атайын жай курууга чакырып, 300 килограмм таштанды батуучу контейнерлерге 700 килограмм таштанды таштабоого чакырды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
«Бүгүнкү күндө "Ош-Тазалыктын" негизги көйгөйлөрүнүн бири — жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн короосунда таштанды таштоочу жай жоктугунда болуп жатат. Курулуш компаниялар үй куруп жатканда, таштанды таштоочу жайды курбай эле, пайдаланууга берип жатышат. Аталган көп кабаттуу үйдө жашаган жарандар таштанды таштоочу жай жок болгону үчүн таштандыларды жол четиндеги кичинекей урналарга салып коюуда. Жашоочулар таштанды таштоого көбүнчө бала-чакасын жөнөтөт. Алар көрсөтүлгөн жайды билишпегендиктен, башка жерге таштап жатышат. Анан ал көрүнүшкө эл нааразы болууда. Мындай көрүнүш үчүн "Ош-Тазалык" жашоочуларга жаман көрүнүүдө. Ата-энелер балдарды таштанды таштоого жөнөтүп жатканда, таштандыны таштанды таштоочу контейнерге сал деп эскерткиле», - деди ал.
С.Тажибаев компаниялардын курулушун текшерген комиссияга «Ош-Тазалыктын» кызматкерлеринен кошууну суранды.
«Жогорудагы көрүнүштөр болбош үчүн компаниялардын курулушун текшерген комиссиянын курамына биздин кызматкерлерден да кошуп, курулуш иштеринин долбоору даярдалып жатканда таштанды кайда ташталат деген маселелерди көтөрүш керек. Ушул себептен мэрияга дагы, курулуш компанияларга дагы кат менен көп жолу кайрылдык», - деди ал.
Мындан сырткары 300 килограммдык контейнерлерге 700 килограмм жана 1 тонналык таштандыларды таштап жаткан жарандарга чара көрүлөт. Ушундан улам контейнерлер оор салмакты көтөрө албай сынып калып жатканын кошумчалады.
«Биз элге ыңгайлуу болсун деп, көп жерлерге 300 килограмм салмакты көтөрө турган таштанды таштоочу контейнерлерди орнотконбуз. Айрым жарандарыбыз аталган контейнерлерге 700 килограмм жана 1 тонналык курулуш материалдарынын калдыктарын таштап коюп, алар сынып кетүүдө. Ошондон улам ушул көрүнүштөр боюнча чара колдонобуз. Андан сырткары жарыгы жок райондордо контейнерлердин дөңгөлөктөрүн уурдап кетип жатышат. Андай фактыларга күбө болуп калсаңыздар, кабарлап коюңуздар», - деди С.Тажибаев.