Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусу 20.02.2014 13:34

Ошто студенттердин факультеттер аралык VIII спартакиадасы старт алды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 20-февраль күнү Ош студенттердин факультеттер аралык VIII спартакиадасы башталды.

Бул спорттук иш-чара «Дене тарбия» кафедрасы жана «Намыс» спорт клубу тарабынан уюштурулуп, негизги максаты – спорттогу мыкты факультеттин командасын тандап алуу, факультеттер аралык студенттердин достук мамилесин чыңдоо, Кыргызстан боюнча жакында өткүлүүчү ЖОЖдор аралык универсиадага катышуу үчүн курама командаларды аныктоо жана окуу жайдагы спорт тармагын өнүктүрүү болуп саналат.

Спартакиада 20-февралдан 7-март күндөрүөткөрүлүп, спорттун баскетбол, волейбол, футбол, шахмат, стол тенниси, тогуз коргоол, улуттук күрөш жана ордо сыяктуу 9 түрүнөн өткөрүлмөкчү. Буга бардык факультеттердин курама командалары катышып жатышат.

DSC09499 DSC00605

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×