Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусу, Ош 28.02.2014 16:20

Ошто 1-9-мартка чейин Тогуз-Коргоол улуттук оюну боюнча мелдеш болуп өтөт

Turmush -  Ош шаарында 1-марттан 9-март күндөрү Тогуз-Коргоол улуттук оюну боюнча мелдеш болуп өтөт. Бул туурасында Ош шаардык спорт комитетинин башкы адиси Фарух Садыков билдирди.

Анын маалыматына таянсак, мелдешке республиканын бардык облустарынан жана Ош, Бишкек шаарларынан курама командалар катышат.

Оюнга 100дөй спортчунун катышуусу пландалууда.

Улуттук оюндарды өнүктүрүү максатында өткрүлүп жаткан иш-чараны спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү борбору каржылоодо.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×