Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусу 13.03.2014 15:12

Айыл турмушу: Маргун айынын килемпоздору

Turmush -  Килем эзелтеден үйдүн аброюн мээнеткечтигин, даңкын көтөрүп келген. Килем согуу башка райондордо, өзбек, тажик туугандар жогору баалаган, илгертен сакталып келаткан нарктуу, асыл, ийги иштерден. Бул иште айрыкча Маргун, Дархум, Даргаздагы кыз-келиндерди белгилеп кетүү керек. Аларсыз чоң-чоң килем базарлар көркүнө чыкпай жана суз болот. Кызыл-тазыл түркүн түстө кооз жасалган килем жай айындагы жер бетин тыгыз каптаган кып-кызыл кызгалдак менен ак, көк гүлөр укмуштай жасап турат. Чынында жаратылыштын кооздугу чебер колдуу ууздардын назик сезимдеринде материалдык жаңы дүйнөгө айланган болсо керек.

Көп жылдар бою килем согуп район, областка көргөзмөлөргө катышып келген 2012-жылы жылдын мыкты чебери наамын алган Дыйканова мындай дейт:

- Биздин Маргун айылынын боекко салган килемдерин тажик туугандарыбыз, боекко салынбаган натурал түстөгү килемдерибизди чет өлкөлүктөр сатып алып кетип жатат. Килемге биз жалпысынан жүл (түктүү токулган) жана араби (түксүз жип кыркылбай өткөрүлүп согулган) болуп экиге бөлүнөт. Килемдин түрлөрү: жилдыз, паниз, уй, капуста, кызгалдак, арыстан, жолборс, кибик ж.б.

Орточо килемге 8 кг кызыл, 8 кг башка түс, 10 кг эриш жумшалат. Килем сырттан оңой көрүнгөнү менен аябай көп мээнет кетет, өзүнүн кыйынчылыктары, өзүнө жараша сырлары бар. Азыркы учурда килемдин наркы төмөн болуп жүндүн наркы кымбаттап кеткен, ак койлор жок болуп кетти, ак койдун жүнүн бишкектен алып келдиребиз. Биз Маргун айылынын элдери көбүн эсе мал чарба килем менен шугулданып өзүнүн жанын багып келет. Дыйканчылык, эгин тигин кылганга бизде cуу жок. Менин айтарым ушул элдин демин көтөрүп, көл өнөрчүлүктү колдоп, жакшы бир жарманке көргөзмөлөрдү ай сайын уюштуруп турса жакшы болот эле.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×