Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ош облусу 17.03.2014 12:32

Ошто өкмөт өкүлчүлүгү Нооруз майрамына карата улуттук ат оюндарын өткөрөт

Turmush -  КР өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү 19-21- март күндөрү Ош облустук ат майданында көк-бөрү, кунан чабыш, жорго салыш жана оодарыш боюнча улуттук ат оюндарын өткөрөт. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди.

Жогорудагы аталган ат оюндарын өткөрүү үчүн КР өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн резервдик фондунан 200 миң сом акча каражаты бөлүндү.

Ошондой эле, өкүлчүлүктүн «Мамлекеттүүлүктү бекемдөө» жылына карата иштелип чыккан иш планынын негизинде, Ош облусунун баардык райондук жана айылдык аймактарында Нооруз майрамына карата маданий иш чаралар жана улуттук оюндар өткөрүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×