Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ош облусу, Ош 26.03.2014 16:49

Ошто акыркы 30 жылдан бери жогорку деңгээлдеги футболдук иш-чара өткөрүлө элек, - борбордук стадиондун директору Н.Сматов

Turmush -  Ош калаасында акыркы 30 жылдан бери жогорку деңгээлдеги футболдук иш-чара өткөрүлө элек, деп билдирди Ош шаардык Сүйүнбаев атындагы борбордук стадиондун директору Нурдин Сматов.

Анын айтымында, өткөндөгү оюнга 10 миңден ашуун көрүүчү келген. Эми алдыда боло турган оюнга мыкты даярдыктар көрүлүп, Ош шаардык мэриясы тарабынан уюштуруу иштери толугу менен көзөмөлгө алынып жатат.

Айта кетсек, үстүбүздөгү жылдын 1-апрели күнү саат 16:00дө Ош шаарынын борбордук стадионунда Азия футбол конфедерациясынын кубогу үчүн Ош шаарынын «Алай» футболдук командасы менен Иорданиянын «Шабаб-Аль-Ордон» командасынын ортосунда футболдук таймаш өткөрүлөт.

Эске кетсек, 26-феврал күнү ушул эле Сүйүнбаев атындагы борбордук стадиондо Бахрейндин «Риффа» командасы менен «Алай» командасы беттешкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×