Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусу 26.03.2014 16:54

Ош шаарында өтө турган футболдук иш-чараны көзөмөлдөө боюнча 15 адамдан турган штаб түзүлдү

Turmush -  Ош шаарынын борбордук стадионунда өтө турганэл аралык футболдук таймашка карата Ош шаардык мэринин катышуусу менен 15 адамдан турган штаб түзүлдү.

Шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, штабдын башкы жетекчиси болуп Ош шаарынын вице-мэри Ильич Эргешов дайындалды. Ал иш-чараны башынан аягына чейин көзөмөлгө алмакчы.

Айта кетсек, үстүбүздөгү жылдын 1-апрели күнү саат 16:00дө Ош шаарынын борбордук стадионунда Азия футбол конфедерациясынын кубогу үчүн Ош шаарынын «Алай» футболдук командасы менен Иорданиянын «Шабаб-Аль-Ордон» командасынын ортосунда футболдук таймаш өткөрүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×