Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ош облусу 27.03.2014 12:25

Оштогу мектептерден 37 окуучу Бишкекте өтө турган республикалык олимпиадага катышат

Turmush -  Ош шаарындагы мектептерден 37 окуучу бүгүн, 27-март күнү Бишкек шаарында өтө турган республикалык олимпиадага жөнөп кетти. Бул туурасында Ош шардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Куштарбек Кимсанов билдирди. Ал окуучуларга шаардын намысын коргоп келүүдө ийгиликтерди каалады.

К.Кимсанов белгилегендей, олимпиаданын республикалык этабында Ош шаардык жана аймактык олимпиададан жеңип, биринчи 3 орун алгандар катышат.

«Биздин катышуучулардын даярдыгы жакшы, баары жакшы жыйынтыкты күтүшүүдө», - деп кошумчалайт К.Кимсанов.

Белгилей кетсек, республикалык олимпиада 28-29-мартта Бишкек шаарында өтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×