Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ош облусу, Ош 27.03.2014 15:07

Ош шаарында өткөн мелдеште Өзгөн району көк-бөрү, жорго салыш жана оодарыш оюндарынан байгелүү орундарга ээ болду

Turmush -  Үстүбүздөгү жылы 18-21-март күндөрү Ош шаарындагы ат майданында Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын жана Ош шаарынын командаларынын ортосунда көк-бөрү, оодарыш, жорго салыш, аламан байге, кунан чабыш боюнча мелдештер өттү. Бул тууралуу районунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Өзгөн районунун көк-бөрү командасы Ош облусунун атынан катышып, 1-орун, оодарыштан 80 кг чейинки салмакта 1-2-3-орунду, 80 кг жогорку салмакта 1-2-3-орунду алып, жорго салыштан 1-3-орундарга татыктуу болушту.

Мелдештердин жеңүүчүлөрү КР өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү борборунун жана өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн дипломдору, медалдары, кубогу жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×