Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусу, Ош 31.03.2014 14:00

Жаштар Оштогу футболдук беттеште «Алай» командасын колдоп турууга чакырык жасашууда

Turmush -  Эртең, 1-апрелде «Алай» футболдук клубу менен Иорданиянын чемпиону «Шабаб-Аль-Ордон» командасынын беттешине Ош шаарынын жаштары «Эй, калайык, мени ук! Бириң калбай, баарың ук! Эртең футбол!» аталыштагы ураан менен жүрүш жасап, шаар тургундарын «Алай» командасынын беттешине кайдыгер карабоого чакырык жасашууда.

Бүгүн, 31-мартта аталган демилгенин катышуучусу Рыскулбек уулу Эламан билдиргендей, баатыр согушта, дос-башыңа иш түшкөндө сыналат.

«Патриоттуулукту көрсөтчү мезгил келди, эртен оюнга катышып, өз командабызга колдоо коросотолу», - дейт ал.

Демилгечи жаштар Ош шарынын башкы көчөлөрүн кыдырып жүрүшөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×