Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусуАлай району 31.03.2014 14:10

«Алай» күчтүү футболдук команда экенин иорданиялык футболчу, машыктыруучу Р.Ассаф белгиледи

Turmush -  «Алай» футболдук курама командасы биз үчүн күчтүү команда, анын буга чейинки оюндарын көрүп жүргөнбүз, деп билдирди Иорданиянын «Шебаб-Аль-Ордон» футболдук командасынын машыктыруучусу Раид Ассаф бүгүн, 31-март күнү журналисттерге берген маалымат жыйында.

Анда Р.Ассаф аталган команданын бардык оюнчулары жакшы деңгээлде ойноорун белгиледи. «Команда менен тең тайлашуу үчүн биз да даярдандык, жакшы жыйынтыкты күтөбүз», - дейт Р.Ассаф.

Иорданиядан келген келген конок оюнчуларга жеңишке жетүү кыйын болушу мүмкүн экенин машыктыруучу белгилейт.

«Оюн үчүн колдоочунун да ролу чоң болот, алар дем, күч берип турат, ошондуктан биз ушул нерседен кичине кыйын», - дейт Р.Ассаф.

Ошондой эле келген коноктор үчүн Кыргызстандын аба-ырайы, жаратылышы, шаары да аябай жаккан, анткени өлкөнүн аба ырайы Иорданиянын аба ырайына окшош.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×