Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусуАлай району 31.03.2014 18:27

«Алай» футболдук клубунун башкы машыктыруучусу В.Кулагин кызматынан кетти

Turmush -  «Алай» футболдук клубунун башкы машыктыруучусу Владимир Кулагин кызматынан кетти. Бул тууралуу Sport АКИpress'ке клубдун басма сөз катчысы Медер Сталбек билдирди.

Кызматтан кетүү себебин Кулагина тактаган жок. Ал эми жакынкы матчтарда башкы машыктыруучунун милдетин Кулагиндин жардамчысы Борис Стрельцов аткарат.

Бүгүн, 31-мартта ал Иорданиялык «Шабаб Аль-Ордонго» каршы АФК кубогу — 2014 матчынын алдында өткөн маалымат жыйынга катышты.

Матч эртең, 1-апрелде Оштогу Ахматбек Сүйүмбаев атындагы стадиондо өтөт.

Эске салсак, 2013-жылы Кулагин жетектеген «Алай» өлкө Кубогун жеңип алган. Ал эми бул жылы команда Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу АФК кубогунда дебют жасады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×