Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусу 31.03.2014 18:33

«Мухаммед-Умар спорт клубу эл аралык мелдеште биринчи орунду багындырды

Turmush -  Бишкек шаарындагы Кожомкул атындагы спорт ордосунда Даниль Бабаевдин жаркын элесине арналып өткөрүлгөн дзюдо боюнча өспүрүмдөр арасындагы эл аралык мелдеште Ош шаарындагы «Мухаммед-Умар» спорт клубу жалпы командалык эсепте 1-орунду ээледи.

Клубдун жаш мүчөлөрү Р.Маатбеков, Сагынбай уулу Баяман, Э.Абукеримов өз салмак категориялары боюнча 1-орунду, Батырбек уулу Нуртилек 2-орунду, А.Арапбаев, Э. Капаров Сагынбай уулу Эламан, Талант уулу Эрландар 3-орунду камсыз кылышкан.

Клубдун башкы машыктыруучусу Бакыт Жусуповдун берген маалыматы боюнча, мелдешке Казакстандын, Тажикстандын жана Кыргызстандын жаш спортчулары келишкен.

«Учурда «Мухаммед-Умар» спорт клубунда 6 жаштан баштап спортко кызыккандар тарбияланат. Баланы жаштайынан спортко тарбиялоо кесипкөй спортчуларды тарбиялоого чоң өбөлгө түзөт. Ошондуктан да биздин спорт клуб өспүрүмдөр арасында спортту жайылтууга көңүл бөлүп келе жатат. Ийгиликтерибиз жаман эмес», - деп кошумчалады Б.Жусупов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×