Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Ош облусу, Ош 02.04.2014 14:53

Ошто 5-апрель күнү Эл аралык спорт күнүнө карата жалпы шаардык жүгүрүү жарышы өтөт

Turmush -  Ош шаарында 5-апрель күнү Эл аралык спорт күнүнө карата жалпы шаардык жүгүрүү иш-чарасы болуп өтөт. Бул туурасында Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинен билдиришти.

Маалымдагандай, мелдеште мектеп окуучулары, жогорку жана орто окуу жайлардын студенттери, ошондой эле түрдүү мекеме-ишканалардын жетекчилери катышып, категорияларга бөлүнөт.

Оюндун жыйынтыгында жеңүүчүлөр баалуу сыйлыктар жана белектер менен сыйланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×